Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жол кырсыгына кабылып, каза болду. Маалыматты Акжолтой Канатбек уулунун кесиптештери тастыкташты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Кочкорго бара жатканда орун алган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болгон.
Бул боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына байланышканыбызда, маалымат такталып жатканын билдирди.
SUPER.KG порталы Акжолтой Канатбек уулунун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.