Түштүк кореялык кыздардан куралган "BlackPink" тобунун «DDU-DU DDU-DU» аталышындагы клиби кароо боюнча YouTube каналында рекорд койду. Аталган клип жүктөлгөнүнө 24 саат болгондо 36 миллион 200 миң жолу каралганы маалым. Бир жыл ичинде клиптин популярдуулугу артып, кароо көрсөткүчү миллиардга жеткени белгилүү болду.
"BlackPink" тобунун бул клиби k-pop топторунун арасында кароо боюнча рекорд койгон алгачкы клип болуп калды.
Розэ, Женни, Жису жана Лиса аттуу кыздардан турган квартет алгачкы жолу 8-августта 2016-жылы "Ышкырык" деген ыры менен эл алдынча чыгышкан.