Энн Хэтэуэй 1982-жылы 12-ноябрда Нью-Йоркто жарык дүйнөгө келген. Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, жаш экенине карабастан, 300дөн ашуун тасмада роль жаратканга жетишкен белгилүү Голливуд жылдызы 37 жашка толду.
"Оскар", "Эмми" жана "Алтын глобус" сыйлыктарынын ээси Хэтэуэй "Ханышанын күндөлүгү", "Бороондун көзү", "Сыйкырланган Элла", "Prada" кийген азезил", "Жейн Остин", "Рэйчел турмушка чыгат", "Сүйүү жана башка дарылар", "Бир күн" аттуу белгилүү тасмаларда роль жараткан.
- Белгилүү актриса көркөм адабиятты сүйүп окуйт, башкага убакыт таппаса дагы китеп окуганга убакыт табарын дайыма айтып келет. Актрисанын аты белгилүү Уильяма Шекспирдин жубайы Энн Хатауэйдин атынан коюлганын көпчүлүк биле бербейт.
- Энн 14 жашына чейин өзүнүн улуу байкесинин кийимдерин кийип жүргөндү жактырчу, ал өзүнүн курбуларындай болуп боёнгонду анчейин жактыра берчү эмес. Өзүн арык, сулуу эмес деп эсептеп көптөгөн депрессияларга кабылган. Бирок өткөөл курактан кийин Энн ал башка кыздардан кем эместигин жана сулуу экенине өзүн ишендирип, жаңы жашоо баштаган.
- Курамында спирт, кант жана кофеин бар азыктардан Хэтэуэйдин аллергиясы бар. Мындан улам актриса ар кандай шаңдуу кечелерди көп жактыра бербейт. Таң эрте уйкуну ачыш үчүн сөзсүз түрдө кофе ичүү керек эместигин баса белгилейт.
- Социалдык тармактардабы же жашоодо болобу, актриса Энн ысымын алып жүргөн бардык адамдар менен сүйлөшүүгө жана дос болууга даяр экенин айткан.
12-ноябрга карата жылнаама.