Кыргыз актрисасы орусиялык сериалга тартылууда. Сериал жакында Биринчи каналдан көрсөтүлөт

Көп жылдан бери Орусияда жашап келген мекендешибиз, актриса Жаңыл Асанбекова жаңы сериалга тартылууда. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Учурда орусиялык 16 сериядан турган сериалга тартылып жатам. Анда карапайым мигрант аялдын ролун жаратам. Мени менен чогуу тасмада белгилүү орусиялык актёрлор Борис Щербаков, Ольга Ломоносова да тартылууда. Сериал жакынкы күндөрдө Орусиянын Биринчи каналынан көрсөтүлө баштайт", - дейт актриса.

Белгилей кетсек, Жаңыл Асанбекова калың журтка орусиялык "Ашкана" ("Кухня") телесериалындагы Айнуранын ролу менен таанылган. Андан сырткары, ал "Түбөлүккө бирге" ("Вместе навсегда"), "Париждеги Ашкана", ("Кухня в Париже"), "Элеон мейманканасы-2" ("Отель Элеон-2") жана башка тасмаларга, сериалдарга тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suban78
2019-11-12 21:46:38
Ийгилик эже сизге. Ролду жакшы аткарасыз
+7
Nourlan
2019-11-13 16:53:43
Алтын эжеке ишиңизге ийгилик!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан