Кыргыз бийчиси мексикалык ири телеканалдын коногу болду

Кыргыз бийчиси, мурунку "Тумар КР" тобунун курамында бийлеген Солто Эсенгулов мексикалык телеберүүнүн коногу болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Биз сан-францисколук Frenchiebabyy kiddstrobe аттуу өнөктөшүм менен учурда Мексикада гастролдоп жүрөбүз. Кечээ мексикалык ири Tv azteca телекомпаниясына конокко чакырылдык. Ал жактан биз тууралуу кенен маалымат берилип, эфирде бий өнөрүбүздү көрсөттүк. Негизи биз 6 чоң ТВ канал менен сүйлөшкөнбүз. Алдыда дагы 5 телеберүүгө катышабыз. Чынында мексикалыктар Кыргыз өлкөсү тууралуу билишпейт экен. Ошондуктан кичине болсо да мекенимди чет өлкөгө таанытайын деп телеканалдарга барып, маек берип жатам дейт", - дейт Солто.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Migrant-rf
2019-11-12 23:57:21
Бүт эле жылаңачко кыздары))).
0
IssykkolKG
2019-11-13 01:08:52
Мексикалыктар Кыргызстан эмес, Россияны билишпейт. Мексикалык одногруппнигим, Россия деген олко барбы дегенде, оозум ачылып, шок болгом. Россия дуйнодогу эн ири олко десем, аа ошондойбу деп койгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан