SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон жана 3 ирет биринчиликти багындырып, "Сыйлуу тизмеге" кирген эки чыгарманын ордуна Курал Чокоев менен Шерхан Абкуловдун "Кыздар, ай" жана Калыс Жакыповдун "Күттүм сени" чыгармасы кошулду.
6-НОЯБРДАН 13-НОЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Динара Акулованын "Балама" чыгармасы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орунга -Мурадил Данияровдун "Алтын апам" аталышындагы клиби жайгашты.
8-орун - Айдин Шердин "Отуздан ашып барамын" видеокомпозициясына буюрду.
7-орунду - Азат Раимбердиевдин "Карагым" видеоклиби камсыздады.
6-орунду - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Жөнөкөй жигит" чыгарма багындырды.
5-орун - Азизанын "Чакырба сүйүү мезгилин" клибине буюрду.
4-орунга - Чолпон Талипбектин "Таппадым сендей" чыгармасы жайгашты.
3-орунду - Данияр Эрматовдун "Кыргызмын мен" чыгармасы ээледи.
2-орун - Эрлан Андашевдин "Өкүнбө" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.
1-орун - 60`К тобу менен Айя Садырованын "Сүйүү балы" клиби эң көп добушка ээ болуп, ушуну менен 3-ирет жеңүүчү аталды. Чыгарма "Супер хиттин" "Сыйлуу тизмесинен" орун алды.
60'K тобунун ырчысы Талант Кадыров чыгармага клип тартуу кыйынчылыктар менен коштолгонун айткан.
"Айя экөөбүз 1990-жылы хит болгон ырларга жан берип, кайрадан аткарып чыгалы деп 3 чыгарманы тандаганбыз. Алардын ичинен "Сүйүү балына" токтолгонбуз.
Клиптин айрым жерлерин Дубайдан тартмакпыз. Ал жакка оператор алып барбай эле өзүбүз барып тартып келгенбиз. Тилекке каршы, биз тарткан видеолор жараксыз болуп калды. Ошентип клипти Бишкектен кайра тартууга туура келди", - деген ал.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.