Бишкекте балдар жана өспүрүмдөрдүн "Карек" кинофестивалы өтөт

14-15-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында IV-республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өтөт.

Быйыл өлкөбүздүн бардык аймактарындагы 10 жаштан 17 жашка чейинки жаш режиссёрлордон жалпы 56 кыска метраждуу тасмалар келип түштү. Тандоо турунун жыйынтыгында 25 тасма тандалып, 15-ноябрь күнү алардын ичинен эң мыкты делинген тасмалар аныкталат.

15-ноябрда жаш өнөрпоздор борбордогу “Манас” кинотеатрынын алдында кызыл килемден атактуу киночулар менен бирге өтүп, салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземине катышышат.
Сыйлык тапшыруу аземинде IV-республикалык “КАРЕК” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалынын жалпы катышуучуларына дипломдор тапшырылат.
Бардык номинациялар боюнча жеңишке жеткен балдарга ноутбуктар, уюлдук телефондор жана фотоаппараттар ыйгарылып, эң мыкты болуп табылган үч катышуучуга фестивалдын атайын “Карек” статуэткалары да берилет.
Мындан сырткары, бул жылдын өзгөчөлүгү катары БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан "Балдар укуктары жөнүндө конвенцияга" арналган атайын “ТУМАР” сыйлыгы да өз ээсин жаш киночулардын арасынан табат.
Тасмалар төмөнкү номинациялар боюнча ат салышат: “Мыкты көркөм тасма”, “Мыкты даректүү тасма”, “Мыкты анимациялык тасма”, “Мыкты режиссёр”, “Мыкты оператор”, “Мыкты сценарист”, “Мыкты монтажёр”, “Мыкты актриса”, “Мыкты актёр”, “Калыстардын атайын сыйлыгы”, "БУУнун Балдар фондунун атайын ТУМАР сыйлыгы.

Аталган кинофестиваль Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Кинематографисттер союзу, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Кристенсен Фонду жана Айтыш коомдук фондунун колдоосу менен ишке ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан