Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында каракчылык кылып, жарандарды коркутуп, баалуу буюмдарын тартып алып жана акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында Ү. уулу А. өзүнүн кылмыштуу 3 шериги менен Д.Б. аттуу жарандын унаасын айдатып, Салам-Алик айылынын тургуну К.Ч. аттуу жаран экөөнү Кош-Этер айылына алып барышкан. Ал жактан аларды сабап, бычак менен коркутуп, алардын уюлдук телефонун тартып алып, 100 миң сом акча жана жылкы берүүлөрүн талап кылышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "каракчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ошондой эле Өзгөн районунун Жазы айылынын тургуну Т.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Себеби анын баасы 23 миң 800 сомдук телефонун жана 2000 миң сом акчасын белгисиз жаран алып койгон. Учурда шектүүлөр кармалып, 2 айга камакка алынды. Териштирүү иштери улантылууда.