Султан Садыралиев: "Жаңы клибимди үй-бүлөмө арнадым. Клипке жубайым, балдарым менен тартылдым"

Ырчы Султан Садыралиев жайында "Ыраазымын сага" деген ыр жаздырган эле. Жакында аталган ырга клип тартылып бүттү. Буга чейин балдарын коомчулукка көрсөтпөй жүргөн ырчы мырза клипке үй-бүлөсүн тарткан. Жаңы клиби тууралуу ырчы мырзага кайрылганыбызда, ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Жарым жыл мурун жубайыма арнап сөзү, обону өзүмө таандык "Ыраазымын сага" деген ыр жаздыргам. Жакында аталган ырга клип тарттырдык. Клипти үй-бүлөмө арнадым. Клип үй-бүлөлүк болду десем адашпайм, анткени ага сүйүктүү жубайым, балдарыбыз тартылышты. Буюрса, 3-4 күндө монтаж бүтөт, ошондо клипке күбө болосуздар", - дейт Султан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
katerina.li
2019-11-14 09:37:19
Бактылуу болгула,жакшынакай уй булон бар экен. Кудай эч нерседен кем кылбасын силерди.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан