Кыргызстандын спортчулары дзюдо боюнча Дүйнөк чемпиондугуна катышышат. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди. Мелдештер 26-августтан 1-сентябрга чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Мелдешке 124 мамлекеттен 800 спортчу катышмакчы. Кыргызстандын намысын 6 эркек, 3 кыз дзюдочу коргошмокчу.