Кыргызстандык балбан Арсен Айылчиев (66 кг) Болгарияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда атаандашына утулду. Муну менен ал алтын медалга ат салышуу укугунан ажырап калды. Ошондой эле Өскөнбай Абдупатаев (55 кг) грузиялык спортчуга жеңилсе, Рашит Абыканов (84 кг) ирандык балбанга уттуруп, булар да алтын медалга ат салыша албай калышты. Эми кыргызстандык балбандардын коло медаль үчүн таймашууга мүмкүнчүлүктөрү бар.