Чүйдүн Ысык-Ата районунда өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү Ысык-Ата районунун жашоочусу арыз менен кайрылган. Анда эртең менен саат 08:55 чамасында өспүрүм кызын белгисиз жаран Кант шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн подъездинен зордуктоого аракет кылганы жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Ысык-Ата районунун 30 жаштагы Д.С. аттуу жараны кармалган. Учурда бардык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү мурда бир канча жолу сот жообуна тартылган.