6-13-ноябрь күндөрү Япониянын Токио шаарында өткөрүлгөн "Mister Universal Ambassador" мырзалар сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Насыр Тургунбаев катышып, байгелүү кайтты. Бул тууралуу моделдик агенттиктин негиздөөчүсү Алим Серебров билдирди.
"Кыргыз өлкөсү Токиодо өткөрүлгөн сынактан 3-орунга жетишти. Кыргыздын тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк сынактан мекендешибиз байгелүү келип жатат. Дүйнөнүн булуң-бурчунан мыкты делген мырзалар катышкан сынактан 1-орунду Греция, 2-орунду Филиппины, 3-орунду Кыргыз өлкөсү алды. Жеңишибиз биздин деңгээлибизди бир баскычка көтөрдү. Буюрса, эмки жылы 1-орунду алганга аракет кылабыз", - дейт Алим Серебров.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө жыл сайын өтүүчү келбеттүү, келишимдүү мырзалар арасында "Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan" деген сынактын жеңүүчүсү катары 21 жаштагы Насыр Тургунбаев жогорудагы сынакка жиберилгени айтылган.