Чолпонбек Базарбаевдин небереси Канат Надырбек уулуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды

Кыргыз балет искусствосунун залкары Чолпонбек Базарбаевдин небереси Канат Надырбек уулуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. Мындан тышкары, анын жубайы Ирина Сапожниковага Ардак грамота тапшырылды. Сыйлыктарды өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өзү тапшырганын президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлады.

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, Сооронбай Жээнбеков бул алардын көп жылдык талыкпас эмгектеринин натыйжасы экендигин өзгөчө белгиледи.

Сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даярдыктарга жигердүү катышкандыктары үчүн тапшырылды. Буга чейин Канат Надырбек уулу жана Ирина Сапожникова өлкөдө жок болгондуктан, маданият ишмерлерине сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасына катышкан эмес.

Бул жолу алар СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган "Балет, балет…" аталышындагы балет искусствосунун эл аралык фестивалына катышуу үчүн Кыргыз жергесине келишкен.

Президент артисттерди үйлөнүшү менен куттуктап, бактылуу үй-бүлөлүк жашоо каалады.

Канат Надырбек уулу ушул жылдын 9-июнунда Ирина Сапожникова менен баш кошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaznura
2019-11-15 09:29:45
Азамат! Кыргыз маданиятына чоң чоң салымдарды кошуп Ийгилигиңер көбөйө берсин!!!
+5
chake
2019-11-15 09:32:23
Сыйлык кут болсун Канат
+2
Alia82
2019-11-15 10:17:05
Куттуктайбыз! Бирок тааныбайт экем, кененирек маалымат берип койсонор болмок, балеттеги адамдарбы ошондо...
+2
Aikaaaa
2019-11-15 11:41:27
Alia82, ии экөө тең балет бийчилери, анан аялы күйөөсү экен. Сыйлыктары кут болуп, бактылуу үй бүлөөлөрдөн болушсун!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан