Популярдуу социалдык тармактардын бири Инстаграм "жакты" белгисинин санын жашырууну бардык өлкөлөрдө баштады. Эми дүйнөдөгү миңдеген колдонуучулар бүгүнтөн баштап "лайктардын" санын көрө албай тургандыгы аталган тиркеменин расмий баракчасына жарыяланды.
"Инстаграмдын тесттик режимдеги функциясы бардык өлкөлөрдө иштеп баштады. Эгерде мобилдик тиркеме жаңыланса, анда башкалардын баракчасындагы сүрөт жана видеого коюлган "жакты" белгисинин саны көрүнбөйт", - деп жазылат билдирүүдө.
Тесттик режимдеги программа Кыргыз өлкөсүнө да жетти. Ырчы Дайыр Исмадияров "жакты" белгисинин саны көрүнбөй калганын бүгүн, 15-ноябрда таңкы саат 04:00 чамасында байкаган.
"Инстаграмдын тесттик режимдеги функциясы тууралуу май айында уккам. Бүгүн таңга маал "жакты" белгилери жашыруун болуп калыптыр. Менимче, "жакты" белгиси верификациясы бар колдонуучулардан башталды окшойт. Анткени мен мобилдик тиркемени жаңылаган эмесмин. Айрым тааныштарым дагы деле "лайктардын" санын көрүп жатканын айтышты".
Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы тесттик режимдеги программа анча жакпаганын билдирип, буларга токтолду.
"Бул тесттик режимдеги программанын жакшы жагы - баарыбыз тең болуп калдык. Эми "мунун катталуучусу аз болсо да "жакты" белгиси көп, тигинин катталуучусу көп болгону менен "лайкы" аз" деген сөздөр токтойт.
Бирок ошол статистиканы көрүп жарнама беришчү. Активдүүлүктү байкоонун негизги көрсөткүчү болчу да. Мындан ары Инстаграмга жарыяланган билдирүүнүн алдына жазылган комментарийлерге көңүл бурулат окшойт".
Ырчы Бегимай Карабаева "лайктардын" саны жашыруун болуп калганы айрымдардын маселесин азайтты дейт.
"Мен үчүн "жакты" белгилеринин жашыруун же ачык болгону маанилүү эмес. Эң негизгиси "лайк" үчүн "ооруган" досторумдун маселеси азайды. Катталуучусу көп досторумдун, тааныштарымдын арасында "жакты" белгиси үчүн убакыт коротуп сүрөт жасагандары бар. Анан дагы ал сүрөттү Инстаграмга жайгаштырсамбы же жайгаштырбай эле койсомбу деп көп ойлонушчу. "Жүрөкчөнүн" саны жашыруун болгону жакшы болду".
Ал эми алып баруучу, тамада Максат Надырбеков "лайктардын" жашыруун болгонун айтып, видеокайрылуу жасады. Видеодон алып баруучунун мындан ары "жакты" белгилери таптакыр эле жок болот деп кайгырганын көрүүгө болот.
"Мындан ары "жакты" белгилери жашыруун болуп калат экен, айла жок. Кайгы болду баарына", - деп тамаша аралаш жооп берди.
Инстаграм "жакты" белгисин жашыруу алдында турганы апрель айында белгилүү болгон. Мобилдик тиркеменин эксперттери социалдык тармак колдонуучулардын "лайктардын" санына эмес, билдирүүнүн мазмунуна көңүл бурдурууну каалап жатканын билдирген.
Июнь айында бул функцияны тестирлөө Ирландия, Италия, Япония, Бразилия, АКШ жана башка өлкөлөрдө башталган. "Жакты" белгиси сырттагыларга көрүнбөгөнү менен, өзүнө көрүнүп турары маалым.