Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, шектүүнүн иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-февраль күнү саат 17.30 чамасында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын 1979-жылы туулган А.Я. аттуу жаранды үйүнөн 3 бейтааныш жашы 25-35 жаштардагы балдар чакырып чыгып, эч бир себепсиз уруп, тепкилешип денесине жараат келтиришкен. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында бул кылмышка шектүү катары Ноокен районунун тургундары 31 жаштагы С.А. 24 жаштагы К.Э. жана 21 жаштагы О.Ж. аттуу жарандар болгон. 5-мартта кылмышка шектүү С.А. жана О.Ж. кармалып, алардын иши ошол эле айда соттун кароосуна жиберилген. Ал эми К.Э. жүргөн жерин жашырып, тергөөгө камсыз болбогондугуна байланыштуу ага карата издөө иши жарыяланган. Ноокен РИИБинин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында 2017-жылдан бери ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган К.Э. жашынып жүргөн жеринен кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.