Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-ноябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда укук коргоо органында иштеген кызматкер сотко чейинки өндүрүшкө алынган ишти чечип берүү үчүн 20 миң сом акча талап кылганы жазылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "опузалап акча талап кылуу" беренеси менен катталган.
14-ноябрь күнү кечки саат 22:15 чамасында шаардагы кафелердин биринен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөөчүсү У.М. пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда бул фактыны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тергеп жатканы жазылат маалыматта.