V Дүйнөлүк Азия кинофестивалы. "Аврора" тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына ээ болду

V Дүйнөлүк Азия кинофестивалында "Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясында Кыргыз өлкөсүнүн атынан ат салышкан "Аврора" тасмасы байгеге ээ болду. Бекзат Пирматов режиссёрлук кылган тасма калыстардын атайын сыйлыгын алды. Бул тууралуу режиссёр өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жасады.

Ал эми Кыргыз кинематографисттер союзунун төрагасы, кинорежиссёр Айбек Дайырбеков "Аврора" тасмасы "Калыстардын атайын сыйлыгы" менен сыйланганын маалымдады.
Кинофестиваль 6-14-ноябрь күндөрү АКШнын Лос-Анжелес шаарында өттү. Анда "Мыкты кыска метраждуу тасма" наамын жаш режиссёр Сүйүм Сулайманованын "Друг мой - враг мой" тасмасы жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан