Ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека жакында ата-эне макамына ээ болот. Ырчы мырза бүгүн жубайы экөөнүн жаңы фотосессиясын Инстаграм баракчасына чыгарды. "Биз дагы деле бал айында жашап жатабыз" деген Аваз SUPER.KG порталына жакшы кабары, эмоциялары менен бөлүштү.
"Наристе күтүп жатканыбыз тууралуу кабарды Айдана жайында Дубайдан эс алып келгенден кийин сүйүнчүлөгөн. Алгач өзү нес абалда жүрдү, чын эле кош бойлуумунбу деп ишене албай жатты окшойт. Кийин гана баарын түшүнүп, аябай кубанды. Негизи мындай өтө жеке нерселерди элге чыгаргым келчү эмес. Айдананын курсагы чоңоюп, жашырганга болбой калды. Ошондуктан эл менен сүйүнүчтүү кабарыбызды бөлүштүк. Азыр Айдананы көргөндө балабыз экөөнү көргөндөй кубана берем. Кичинекейибиздин УЗИдеги сүрөттөрүн көрүп, өзүмчө эле элжиреп жатам", - дейт Аваз.
Айдана аман-эсен көз жарып алсын дейбиз!