Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде 29 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында көмүр кесиминде кезекте турган эки КамАЗ автоунааларынын ортосунда Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну кыпчылып калып, ооруканага алынып кеткендиги билдирилген. "1990-жылы туулган А.уулу Б. эки КамАЗга жол көрсөтөм деп ортосунан чуркап өтүүгө аракет жасап, ал чаңдан көрүнбөй эки автоунаанын ортосуна кыпчылып калган. Ал ооруканага алынып келе жатып, жолдон каза болгондугу аныкталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн.
Бул факты Жумгал РИИБинин электрондук маалымат журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Азыркы учурда маркумдун аты-жөнү аныкталып, маркумдун сөөгү Жумгал райондук ооруканасынын өлүкканасына алып келинди. Анын туугандары тарабынан арыз-дооматтары жоктугу жана сөөктү сойдуруудан баш тартышкандыгы тууралуу өтүнүч арыздары алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлдү. Автоунаалар Жумгал РИИБинин короосуна токтотулуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Маркум үй-бүлөлүү, үч баланын атасы экендиги такталды", - деп жазылат маалыматта.