Бүгүн, 17-ноябрда Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-ноябрь күнү саат 4:35те Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.