Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мал уурулук менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, июль айында Ноокен РИИБине район аймагынын 4 жаран малы жоголгондугун айтып арызданышкан. Алардын арызында баарынын торпоктору жоголгону жазылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "уурдоо" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Териштирүү иштеринде шектүү катары Ноокен районунун тургундары 1992-жылы туулган П.Ш. 1995-жылы туулган Т.И. 1998-жылы туулган А.С. жана Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган С.С. аттуу тургундары кармалган. Тергөөдө шектүүлөр уурдалган малдарды жакынкы райондордогу мал базарларга алып барып сатып жиберишкендиги белгилүү болгон. Учурда соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары толугу менен жүргүзүлүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу такталууда.