Ырчы Айгерим Расул кызы темир тулпарын алмаштырды. Кара жорголуу болгон Айгерим айым буга чейин бир нече унаа алмаштырган. Ырчыга байланышканыбызда жол тандабас ак эмгек, маңдай тер менен алынганын айтты.
"Буга чейинки унаам ак түстөгү Lexus GX470 болчу. Негизи кандай унаа болбосун сапатына жана ыңгайлуулугуна маани берем. Башынан эле жол тандабас жагат. Анткени унаанын ичи кенен. Бирок жумуш үчүн көлөмү кичине унаалар ыңгайлуу", - дейт ал.
Унаасынын салону - булгаары, түсү бозомук
Рулу - сол тарапта
Үлгүсү - Lexus LX570
Чыккан жылы - 2012