Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочулар жеңил жаракат алышты

Бишкекте жеңил унаалар сүзүшүп, кафенин короосуна кирип кетти. Кырсыктын кесепетинен айдоочулар жеңил жаракат алышканын республикалык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Окуя бүгүн, 19-ноябрда Раззаков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

"Тойота Ист үлгүсүндөгү унаа 41 жаштагы М.О. аттуу жарандын башкаруусунда болгон. Айдоочу Раззаков көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып Токтогул көчөсүнүн кесилишинен Тойота Приус унаасы менен сүзүшкөн. Тойота Приус үлгүсүндөгү унааны 21 жаштагы Ж.Д. аттуу айым башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Тойота Приус унаасы Раззаков жана Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги кафенин короосуна кирип кеткен. Айдоочулар жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Унаалар айып аянтчасына токтотулду.

Учурда тергөө амалдары улантылып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп маалымдады басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан