Бүгүн, 14-августта Польшанын Познань шаарында өтүп жаткан көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан аялдар курама командасы Болгариядан пенальтилер сериясында утулуп калды. Бул тууралуу оюндун расмий сайты жарыялады. Оюнга бөлүнгөн негизги убакытта командалар 4:4 эсебинде оюнду жыйынтыкташты. Буга байланыштуу 11 метрден дарбазага топ тебүүнүн жыйынтыгында 2:1 эсебинде болгариялык команда жеңишке жетти. Эми Кыргызстан Швеция командасы менен беттешмекчи. Эскерте кетсек, 3 айлампанын жыйынтыгы менен Кыргызстан командасы 6 упайга ээ болгон.