Гүлжигит Сатыбеков жана Каныкей тандеми. "Сагынам" аттуу дуэт жазылып, ага клип тартылууда

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков ырчы Каныкей менен дуэт жаздырды. Бул тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына билдирди.

"Буга чейин карындашым Каныкей "Сагынам" деген ырыңызды жакшы көрөм деп айтып калчу. Күйөрмандарым да Каныкей менен дуэт жаздырыңызчы деп сурана беришет. Андыктан алардын да оюн эске алдык. Чогуу ыр жаздыруу идеямды айтып, бир күнү Каныкейге чалдым. Экөөбүз кеңешип, "Сагынам" деген ырымды жаңылап, дуэт кылып аткармакчы болдук. Учурда ырга клип тарттырып жатабыз. Буюрса, ыр менен дуэтти чогуу чыгарабыз. Күйөрмандар аталган ырды эми жаңы, заманбап форматта уга алышат", - дейт Гүлжигит Сатыбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurazim16
2019-11-20 13:13:07
Соонун чыдамсыздык менен кутобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан