200 миң доллар пара алууга шектелип кармалган прокурор Улан Чалбаевдин иши боюнча тергөө аяктап, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу басма сөз кызматынан билдиришти.
"19-ноябрда Биринчи Май райондук соту тергөө иштерине чогултулган материалдарды жана далил катары алынган 200 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатты мамлекеттин эсебине өткөрүү боюнча токтом чыгарды. Ошондой эле УКМК 200 миң доллар акча жоголгондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет. Муну мамлекеттик комитеттин жетекчилигин, улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо, коомчулукка жаман көрсөтүү иштери жүрүп жаткандыгын белгилей кетүү керек", - деп жазылат маалыматта.