25-августта “Ысык-Көл Кубогу” аттуу бокс боюнча эл аралык мелдеш башталат. Бул тууралуу аталган мелдештин координатору Айнура Сыдыкова билдирди. Мелдеш Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Тулпар” пансионатында өтмөкчү. Финалдык беттештер 30-августта болот.