Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылындагы мектепте кыздар сай жээкке барып мушташканын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман жөнөткөн.
Бул маалымат боюнча Жалал-Абад ОИИБине байланышканыбызда басма сөз кызматы буларды билдирди.
"Окуя 18-ноябрь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында болгон. Анда Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы №10 Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздары пикир келишпестиктен улам жаңжалдашып, мушташышкан. Аталган факты Аксы РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда өспүрүм кыздардын арасындагы пикир келишпестиктердин себеби жана окуянын жагдайлары такталууда", - деп билдирди басма сөз кызматынан.