"Беш тапан" куудулдар тобунун мүчөсү, куудул Союзбек Сейитказиев Бишкекте алгачкы тушоо кесүү концертин бермекчи. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Мени 2007-жылдан бери чыгармачылык чөйрөдөгүлөр Соке деп чакырышат. Ошон үчүн концертимди "Сокеден сонун концерт" деп атадым. Буга чейин "Беш тапандын" балдары жеке концерттерин коюп, эми кезек мага келди. 23-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтчү жеке концертиме Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов, Гүлжигит Сатыбеков, Мирлан Баеков, "Беш тапан" тобу конок катары чыгып, элдин маанайын көтөрүшөт. Калган учурда өзүм жалгыз чыгып күлдүрөм", - дейт Союзбек.