Бишкек шаарындагы көчөлөрдө бычак кармап, милиция кызматкерлерине кол салууга аракет кылган жаран кармалды. Аны патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери колго түшүргөн.
Видеодо жарандын колунан патрулдук милиция кызматкери бычакты алууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.
Бычак көтөргөн жаран бир азга качып барып анан колго түшкөн.
Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалыматты тактап жатканын билдирди.