Бүгүнкү күндө жандуу үндү атайын уюштурулган иш-чараларда гана укпасак, той, концерт ал эле эмес мамлекеттик иш-чараларда да фонограмма колдонулат. Мындан улам SUPER TV кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнөн мамлекеттик иш-чараларда фонограммасыз ырдоого мүмкүнбү, дегеле аны уюштурган тарап тиешелүү шартты түзүп бере алабы деген темада сурамжылоо жүргүздү.