Милиция кызматкерлерине бычак менен кол салууга аракет кылган жарандын окуясы. Бишкек ШИИББи түшүндүрмө берди

Бишкекте троллейбустун жүргүнчүлөрүнө бычак менен тап берип коркуткан жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Окуя бүгүн, 20-ноябрда саат 12:30 чамасында Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлады.

"Троллейбустун айдоочусу транспорт каражатын дароо токтотуп, Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде турган милиция кызматкеринен жардам сурап кайрылган. Айдоочу троллейбустун ичинде белгисиз жаран жүргүнчүлөргө карата бычак шилтеп жатканын айткан. Милиция кызматкери дароо транспорт каражатынын ичине киргенде, белгисиз жаран укук коргоо кызматкерине кол салууга аракет кылып, талаптарды аткарган эмес. Милиция кызматкери мыйзамга ылайык, асманга карата ок чыгарган. Бирок бычак көтөрүп жүргөн жаран бир дагы талапты аткарбай, троллейбустан сыртка чыгып Чүй кең көчөсүн көздөй качкан.

Патрулдук милиция кызматкерлери ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев жана Биринчи Май РИИБинин ыкчам тобу менен биргеликте качууга аракет кылган жаранды кармашкан. Бычак менен тап берген жаранды кармоо учурунда Биринчи Май РИИБинин кызматкери колунан жаракат алган.

Кармалган жаран Биринчи Май РИИБине алып келинип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал өзүн 1992-жылы туулган Т. У. аттуу Чүй облусунун тургуну деп тааныштырды.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда иликтөө иштери улантылууда, кошумча маалымат берилет", - деди басма сөз кызматынан.

Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде белгисиз жаран бычак кармап, милиция кызматкерлерине кол салууга аракет кылып жаткан видео тараган.

Бишкек шаарында бычак көтөрүп чуркаган жаран
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
katerina.li
2019-11-20 19:39:58
Гражданский балдар кармаштыго, милиция чуркай албайт экен жакшы
+5
Nur777
2019-11-20 20:46:34
katerina.li,Ооба да,жонокой жарандар кармап берсе ыкчам топ кармады дегендерин кантейин))болгондо да ИИМдин орун басары дейт)))
+2
Erma88
2019-11-20 22:52:18
Nur777,кармаган гражданка кийимчен бала опер 5чи гомдо
+2
Assalomuallekum
2019-11-20 19:59:08
Сотко чейинки деп жаны мыйзам жакпады акчасы бар чыгып кетет акчасы жоктун шоору,кылмыш кылса жоп берсин башы менен
+4
u02u02
2019-11-20 21:01:00
Милиция кызматкерлери деген кужурмон даярдыгы физикалык абалы мыкты болуш керек наручникти 5-6 киши аран колуна салышты Бир келесоого кучу жетпейт! Коркуп кармаганга духу жетпейт. Эгер даярдыктан откон сириядан келген бир терорист болгондо булардын кучу жетпейт
+5
bond02
2019-11-20 22:23:42
Биздин милиция слабый экенин дагы бир жолу далилдеди э.
+2
tular
2019-11-21 04:50:31
Кыргыз милициясы чуркай алышпайт экенго. Булар акча гана алганды билишет. Милициянын физикалык жактан эч дяардыгы жок жана талапка жооп бербейт экенго...
+1
kechirmeni
2019-11-21 11:57:14
Министр каякты карап отурат, ИИМдин составынын физикалык абалын козомолдошу керек, тез тез норматив тапшыртып
+1
kechirmeni
2019-11-21 12:48:25
ички иштер министринин орун басары менен ыкчам топтун иши ушундай болсо башкалар болгон экен болушунча

+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан