"Жүрөгүм", "Гүлдөй, гүлдөй", "Асылым" жана башка ырлардын аткаруучусу, ырчы Ильгиз Абдалиев жүрөгүнүн ээсин ачыкка чыгарды. Жакынкы күндөрдө ал сүйүктүүсүнө баш кошору тууралуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Эртең, 22-ноябрда туулган күнүм, буюрса, 30 жашка чыгам. Туулган күнүмдү белгилеп алып, эртеси Жумгалга барып сүйүктүүмө сөйкө салып, кыргыздын каада-салты менен үйүнөн алып келем. Болочок жубайымдын аты - Назима, 23 жашта. Учурда Кыргыз Мамлекеттик тоо-кен университетинде бухгалтерлик кесипке окуп жатат. Аябай жайдары, үй оокаттарына тың, сый-урматты билген, тамашакөй, түшүнүктүү кыз. Аны бир көргөндө жактырып, кыз-жигит болууну сунуштадым. Андан көп өтпөй "мага турмушка чыгасыңбы?" дедим (күлүп). Эң негизгиси, мени сүйгөн жана мен сүйгөн кызды жолуктурдум", - дейт ырчы мырза.