Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күйөөсүн өлтүргөнгө шектүү катары аялын кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 46 жаштагы Ы.Ү. аттуу жарандын өлүмүнө шектүү катары анын аялы кармалды.
"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери Алай районунда каза болгон күйөөсүн жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен адам өлтүрүүгө шектүү катары Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну П.Г. аттуу келинди кармап келишти. Келин алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө өз күйөөсүн башына арматура менен чапкандыгын моюнуна алган. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, маркум 1973-жылы туулган Ы.Ү. өз аялы менен өз ара келишпестиктен улам жакшы эмес мамиледе болгон.
19-ноябрда болжол менен саат 23:30 чамаларында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги үйүнө кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы арматура менен башына үч ирет чапкан. Натыйжада маркум Ош шаардык ооруканасында өзүнө келбей каза болгон. Оор абалда жаткан күйөөсүнө "Тез жардам" кызматын аялы жана коңшусу чакырган. Аялы өз кылмышын жашырып, коңшусуна "сырттан жараат алып келип, жатып калды" деп айткан. Каза болгон жаран Ош шаарында маршруттук такси айдап иштеген. 4 баланын атасы. Учурда Ош ШИИБи сотко чейинки иликтөө иштерин баштады. Далил буюм катары узундугу 97 сантиметр диаметри 12 миллиметр болгон арматура алынган. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.