Куудул Токтор Бекбоев уулун үйлөдү. "Мен боюмдан козголуп, ооруканада жатканым үчүн тойго бара албадым" дейт Бегимай Бекбоева

Куудул Токтор Бекбоев кечээ, 20-ноябрь күнү уулун үйлөп, элге той берди. Бул тууралуу куудулдун кызы ырчы Бегимай Бекбоева SUPER.KG порталына билдирди.

"Атам 2015-жылы апама (ред. Токтор Бекбоевдин азыркы жубайы) үйлөнгөн. Апамдын мурунку турмушунан үч уулу, атамдыкы эки кызы бар болуп, жалпысынан 5 бир тууган болуп калдык. Апамдын уулдары да аябай акылдуу, тарбиялуу балдар. Аталап эле турушат. Кечээ атам экинчи уулун үйлөп, элге чоң той берди. Мен боюмдан козголуп, ооруканада жатканыма байланыштуу бара албадым. Азыр ата-энем келинибиздин колунан чай ичип, кубанычтары коюнуна батпай турган чагы. Атам кеч болсо да өз бактысын таап, апам менен бактылуу карылыкты кечирип жатканын көрүп аябай сүйүнөм", - дейт Бегимай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Taalajbekakkya
2019-11-21 20:52:48
Мындай куудулду билбейт экенмин
-7
ArgenMers
2019-11-22 16:16:55
Taalajbekakkya,жаш болсоң билбейсиң да анан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан