Баткенде баңги затын Тажикстан Республикасынын мыйзамсыз алып келип, сатып жүрөт деген жаран кармалды. Кармалган учурда анын жанынан кара целлофан баштыкка оролгон 13,8 грамм баңги заты табылган. Бул тууралуу облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан кабарлады.
"Баңги затын мыйзамсыз сатып жүрөт деген алдын ала маалыматтын негизинде Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Шектүү катары 33 жаштагы Л. М. аттуу Тажик жараны Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык айылынан кармалган. Аны текшерүү учурунда кийип жүргөн күрмөсүнүн оң жак чөнтөгүнөн кара түстөгү целлофан табылган. Баштыкта 13,8 грамм баңги заты болгон.
Тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгында баңгизат марихуана экени аныкталды. Ал эми кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди басма сөз кызматынан.