Ырчы Сайкал Садыбакасова: "Жигитим бар, кийинки жылы ачыкка чыгарам"

Ырчы Сайкал Садыбакасова көпчүлүктүн суроосуна жооп берип, жигити бар экенин айтты. Жеке жашоосу тууралуу айтууга ырчынын мурдагы жолдошу Максат Довранов менен учурашып жаткан видеосу себеп болгон. Видео ырчы Данияр Эрматовдун үйлөнүү тоюнда тартылып, аны көргөндөр "кайра табышыптыр", "жараштыңарбы?" деген пикирлерин калтырышкан.

"Тойдон кийин уктап турсам СМС билдирүүлөр көбөйүп кетиптир. Баары эле Максат (ред.: Довранов) менен жараштыңбы дегендер экен. Негизи Максат Довранов экөөбүз бири-бирибизге сый мамиле жасайбыз. Кесиптешибиздин тоюнда мен башка столдо Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова эжелерим башка столдо отурган экен. Антракт учурунда эжелерим менен учурашып коёюн деп барсам Максат бар экен. Болгону саламдашып койгонбуз.

Экөөбүздүн ажырашканыбызга 2 жылдай болуп калды, жашоо улана берет экен. Менин жеке жашоомдо баары жакшы. Жигитим бар, буюрса кийинки жылы ачыкка чыгарам", - дейт ал.

Сайкал Садыбакасова менен телеалпаруучу Максат Довранов 2017-жылдын 14-ноябрында үйлөнгөн.

Сайкал Садыбакасова менен Максат Довранов кесиптешинин тоюнда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Margo82
2019-11-21 19:07:35
Кызык эле жашоо.Максат эмне эле Сайкалдын артынан шалпылдайсын.Ажырашып эле жигит таба калышат дагы булар.
+14
erkeleim
2019-11-22 15:33:13
Margo82,шоу бизнесте Максатта бир сайкалда, Сайкалдын бывшийлары бир нече Нурлан, Максат, Эдил ж.б. байкуш следущийи тез эле ,,бывший,,болсо керек)))
+1
Aidar.001
2019-11-21 19:08:07
Ачыкка чыгарбай тур аныны, мумкун башкасы бактына жазылып жургон чыгаар, балким мен ::)
+13
Kyrgyz-jigit.com
2019-11-21 19:09:07
Наракта Кенже Дуйшеева ырдап биякта булар шандуу озунчо эле ностальгиягоо)
+12
Taalajbekakkya
2019-11-21 20:51:05
Азыр чыгарсан Бир жылга чейин дагы бироону жакшы коруп каласын ошон учун чыгарбай койгонун туура ЭЛЕ .ХА ХА ХА
+10
aerforce
2019-11-21 22:37:17
Аман эле болгулачы ошол үчүн артистсиңерда жашооңарда шоу мен бул сөзүм менен бирда шоу бизнестегилерди табалаган жокмун просто 90% ти үй бүлө куруп эле ажырашат
+6
bond02
2019-11-21 22:48:13
Резервде турат дебейсинби.
+2
JaneEr
2019-11-22 00:14:25
Жалко Максатка.
+3
saxalinskaya
2019-11-22 00:16:25
Ажырашканыбызга 2 жыл болду дейт гоооо.Тойлору болгонуна эми аран 2 жыл болсо кантип 2 жыл мурда ажырашышты экен кызык
+3
Aidar.001
2019-11-22 01:29:03
Мага илештирип бергилечи Сайкалды форумчулар, лайк жыйноо мененби же башка жол мн болсо да
+4
Nevestkaa
2019-11-22 02:00:10
Байкуш Максаттын дагы деле үмүтү үзүлө элек экен ,оозу кулагына жетип сүйүнүптүр го.
+8
eddi.
2019-11-22 02:27:54
Ушул артистер күйгүздү го
+1
didu
2019-11-22 08:22:21
тура кыласын эртен дагы бироону айтып калышын мумкун кичине Сабыр кылып тур
+2
Begish54
2019-11-22 09:41:44
didu,
0
Gsuita
2019-11-22 13:08:49
Катуу актаныптыр го.
+5
Kona8631
2019-11-22 14:48:08
Артистти аялым дебе дейт!
+2
Asyl10
2019-11-22 16:28:41
Жигитим деп айтпаглачы айнанайын эрге тийип ажырашкан ырчы -чоорчу келиндер. Жигитим деп- турмушка чыкпаган кыз айтат. Силер жакын адамым, болочокто жолдошум болчу кишим бар же келечекке бирге кадам койчу адам бар десенер туура болмок да. Анан 18-20 жаштагы жаш кыздардай болуп жигитим бар деп назданасынар да. Уят. Эмнеси болсо да бактылуу болгула. Ырчы-чоорчуларга тан каласын ажырашуу,баш-кошуу эч кеп эмес,уят деле эмес. Бугун уйлонуп,бир айда ажырашып, кайра жанысы менен той болот.
+3
katerina.li
2019-11-29 09:42:40
Asyl10,46 га чыгып калган Назира Жетигенова деле ооззун чойду элего жигитим деп,ушул эле супер инфого маек берип атканда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан