Чүй облусунда турак жай өрттөнүп, үй ээси каза болду

Чүй облусунда турак жай өрттөнүп, үй ээси каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринен чыккан. Натыйжада жалпы аянты 40 чарчы метрди түзгөн турак жай толугу менен өрттөнүп, 1930-жылы туулган У.П. аттуу үй ээси каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан