Гүлжигит Сатыбековдун бир нече ыры казакчага которулду

Ырчы Гүлжигит Сатыбековдун "35" деген ырын Бауржан Рахымбеков аттуу ырчы казакчага которуп ырдап чыкты. Которулган ырлары тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"4 күн мурун казакстандык Бауржан деген жигит байланышып, "сиздин ушул ырыңыз мага жакты. Ырдасам болобу?" деп сурады. Дароо эле макулдугумду бердим. Эки күндөн кийин өзүнүн версиясын жөнөттү, мага жакты. Ырларымды казак элине тааныштырып ырдап жатканына кубандым, ыраазы болдум. Азыр дагы экөө ырларыма "куда түшүп" жатышат. Кызды сураган жерине бер дегендей, сурагандардын баарына берип жатам (күлүп). "Музарт" тобундагы Мейрамбек (ред. Беспаев) менен да куда болдум. Ал жакында "Өмүр" деген ырымды ырдап чыкты", - дейт Сатыбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2019-11-22 12:48:21
Ырдаса да авторун жазып ырдаса болот.[moderated]да клиптин астындагы комментке дайыма кыргыз казак тытышып жатып калат, ыр биздики сеники болуп
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан