Ырчы Асел Кадырбекова кызы менен үйдө отурганына карабастан киреше табарын айтат. Тагыраагы, ырчынын негизги киреше булагы - Инстаграм. Популярдуу социалдык түйүндөгү баракчага жарнама жайгаштыруу менен каражат табарын айткан ырчы акчаны өз эмгегиң менен тапкан керемет дейт.
"Үйдө отурганыма байланыштуу Инстаграм менин негизги киреше алып келүүчү булагым болуп эсептелет. Күндө билдирүү жарыялайм. Өзүмө жана баракчамдын катталуучуларына да пайдалуу болсун дейм. Өзүм колдонгон гана каражаттар, буюмдар тууралуу бөлүшөм. Бир билдирүүнүн суммасы 300 доллардан 3 миң долларга чейин болот. Айрым учурда бартердик негизде иштешем. Эгер мага жакпаган азыктар, каражаттар же буюмдар болсо жарнама кылбайм", - дейт ал.
Асел Кадырбекованын Инстаграмдагы баракчасында учурда 1 миллион 500 миңден ашуун катталуучусу бар.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Инстаграм аркылуу 10 миң долларга чейин каражат табарын билдирген.