Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында окуучу кыздар мушташа кетишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
"3-ноябрь күнү Таш-Көмүр шаарынын тургуну С. С. шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арыздануучу №1 Н.Островский атындагы орто мектебинде билим алып жаткан 2004-жылы туулган Т. А. аттуу кызын ошол мектепте окуган Адэля деген кыз чачынан тартып, жерге сүйрөп, уруп койгонун айткан. Окуя 29-октябрь күнү саат 11:00 чамасында мектептин коридорунда орун алган. Арыз ээси Адэляга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Аталган арыз боюнча топтолгон материал Таш-Көмүр ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 9-класстын окуучусу Т. А. мектептеги нөөмөттө туруп, 11-класстын кыздарынын кемчиликтерин жазып кеткен жана андан кийин Адэля менен мектептин коридорунда жолугуп сөз талашып уруша кеткендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары улантылууда", - деди маалымат кызматынан.
18-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы №10 Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздары пикир келишпестиктен улам жаңжалдашып, мушташышкан.