Орусиянын Санк-Петербург шаарында полиция кызматкерин сабаган деп шектелип жаткан Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Ага ылайык, 2016-жылы 31-декабрында шектүү дагы бир Кыргыз жараны менен биргеликте полицияга кол көтөрүп, сабап из жашырып кетишкен.
“Тергөөдөгү маалымат боюнча аталган жарандар Псков шаарында Звездная көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда токтоп турган унааны жабыркаткан. Аларды кылмыш үстүнөн кармаган полиция кызматкерин сабап кетишкен. Мындан кийин алар федералдык издөөгө алынган”, - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, кылмыш жасап жатканда шектүүлөр мас абалында болгон. Учурда полиция шектүүнүн экинчисин издөө иштерин улантып жатат.