Ырчы Нуржигит Субанкулов "Голос" музыкалык шоусунун 3-туруна өттү

22-ноябрь күнү кыргыз ырчысы Нуржигит Субанкулов Орусиялык "Голос" телешоусунун 3-туруна өттү. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"2-турда Владимир Коновалов деген ырчы жигит менен биргеликте "Моральный кодекс" тобунун "Первый снег" деген ырын аткардык. Сахнага чыкканча абдан толкундандым, анткени бүгүн экөөбүздүн бирөөбүздү тандашмак. Бирок "Голостун" сахнасына көнө түшүпмүн, чыкканда баарын унутуп, ырдагандан ырахат алдым. Сынактын жыйынтыгында Валерий Сюткин менин үнүмдүн тембрин баалап, ыр мага жакшы "отурганын" айтып, мени алып калды. Кийинки турда бизди "Нокаут" деген сынак күтүүдө. Ага колдон келишинче даярданабыз", - дейт кубанган Нуржигит.

Нуржигитке мындан аркы сынактарда ийгилик каалайбыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Saryshka93
2019-11-23 20:00:32
Азаматсын!!!
+1
bekbol2006
2019-11-24 00:12:27
Азамат
+1
Jelezo
2019-11-24 00:54:24
Азамат абдан жакшы ийгилик каалайм
0
sherzatik
2019-11-25 03:24:48
Ийгилик каалайм!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан