Орусияда 30 миллион рубль алып бара жаткан Кыргыз жаранына кол салуу болду

Орусиянын Екатеринбург шаарында ири суммадагы акча каражатын алып бара жаткан Кыргыз жаранына кол салуу болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Окуя 21-ноябрь күнү кечинде болгон. Анда 3 адам травматикалык пистолет менен мейманкананын жанында 22 жаштагы акча алып бара жаткан курьерге кол салышкан. Курьердин сумкасында 30 миллион рубль болгон. "Акчаны алып кеткендер курьердин иши жөнүндө маалыматтары болгон. Алар аны атайын күтүп, кол салуу менен акчаны алып кетишкен", - деп билдиришкен полиция кызматкерлери.

22 жаштагы Кыргыз жараны Екатеринбург шаарынын ооруканасына жеткирилген, ал жеңил жаракаттарды алган.

Шектүүлөр унаасын өрттөп, качып кетишкени аныкталды. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши ачылып, полиция кызматкерлери кылмышкерлерди издөө иштерин баштады.

30 миллион рублга "чабуул" жасашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Belek1710
2019-11-24 11:20:03
30млнду курьерге береби, инкассатор жалдашпайбы?!
+12
Azatbek.Svoboda.
2019-11-25 11:15:51
Belek1710,Москва большая мегополис.Коп например Суши Вок ошого окшогон сеттердин акчаларын инкассатор эмес курьерлер ташышат.
0
Belek1710
2019-11-24 14:14:05
Окубаган адамга жанылык болот да.
+4
karona12
2019-11-24 16:42:12
оной эле тартып аллы го
+3
Aimani
2019-11-24 18:16:58
Кыргыздар эле болуп чыкпаса болду
+1
Dembele84
2019-11-25 09:35:44
Билген тааныган эле адамдар кылган,душманды алыстан издебе дегендей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан