Эстрада ырчысы Ильгиз Абдалиев сүйүктүүсүнө баш кошту. Жашоосундагы жакшы жаңылыгы менен ал SUPER.KG порталына бөлүштү.
"Кечээ, 23-ноябрь күнү сүйүктүүм Назиманы кыргыздын салты менен үйгө алып келдик. Бир башым эки болуп, сүйүктүүмө баш кошконума кубанып жатам. Келинчегимди көргөндөр экөөбүздү окшоштуруп жатышат. Мага окшоштугубуз билинбейт деле. Азырынча айылда, ата-энемдин кызматында болуп турабыз. Кийинчерээк Бишкекке барабыз", - дейт Ильгиз.