Бүгүн, 25-ноябрда "Супер-Медиа" пресс борборунда маданий иш-чара орун алууда. Тактап айтканда, «Супер тандоонун» «Жылдын супер дебюту» номинациясына талапкер, обончу, аткаруучу, актёр Төлөгөн Мамыров “Жубайыма” аттуу ырына тартылган клибинин бет ачарын өткөрүүдө. Бул өзгөчөлөнгөн клип мырзаларды “аялзатын барктоого” чакырат. Клиптин идеясы, тартылышы тууралуу кененирээк маалыматтарды авторлору анын ачылышында айтып берүүдө. Жаңы жыл алдында жарык көргөн чыгарма тууралуу билип, өзүңүздүн ой-пикириңизди калтырсаңыз болот.
Маалымат жыйында обончу, аткаруучу, актёр Төлөгөн Мамыров, клипмейкер Бекзат Маманов, ырдын автору Таирбек Эрматов катышууда.