"Жубайыма" ырынын автору: "Аял баркын түшүнбөгөн адамдар, жөн эле бир ойлоп койсун апасын"

"Аял баркын түшүнбөгөн адамдар, жөн эле бир ойлоп койсун апасын". Мындай саптар ырчы, аткаруучу Төлөгөн Мамыров аткарган "Жубайыма" аттуу ырында кездешет. Ырдын сөзүн жазган автор, акын Таирбек Эрматов ырдын жаралуу тарыхына кыскача токтолду.

Анын айтымында, жолдош балдар топтолгондо күйөөлөрүнө чалып калган келиндер болот. Ошол учурда достор ал адамды шылдыңга алууну адат кылгандар бар.

"Жоро-жолдоштор менен отурганда балдарга аялдары чалып калса, "Сага аялың телефон чала берет. Аялыңа катуураак болсоң" деген кеңештерин беришет. Менин көз карашымда мындай туура эмес. Ушундай жагдайды көрүп, ушул ырды жараткам", - деди Эрматов.

Ал эми ырды аткарган жана обонун жазган Төлөгөн Мамыров ушул тапта курулай эле эрдемсинип кеткен эркектер көбөйдү деген оюн айтып, аялдарды кадырлоого чакырган чыгарма актуалдуу болуп турганын эске алган. Айтымында, ушундай абалга туура келген тексттерди издеп жүрүп, адегенде ырдын текстин таап андан кийин гана аны жазган акынды тапканын белгиледи. Клипмейкер Бекзат Маманов клип профессионалдуу деңгээлде тартылганына токтолду.

"Аялды катуу кармабаса башка чыгат деген туура эмес" дейт Төлөгөн Мамыров
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан