Бүгүн, 25-ноябрда SUPER-MEDIA пресс-борборунда обончу, аткаруучу Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" аттуу ырына тартылган клиптин бет ачары өттү. Ага клиптин жаратуучулары, ырчы, ошондой эле "Жубайыма" ырынын автору катышты.
Катышуучулар бул ырдын жаралуу тарыхын айтып жатышып, мырзаларды аялдарына карата жумшак болууга чакырышты.
"Мени эркектер жаман көрөт болушу керек. Бирок акындар чындыкты айтып турушу керек. Кыргыз эркектери орой болушат. Мен аларды аялдарга карата жумшак болууга чакырат элем", - деди акын Таирбек Эрматов.
Ал эми ырга обон жазып, ырдап чыккан Төлөгөн Мамыров өзү бойдок болсо да, күйөөлөрү тараптан жаман мамиле жасалган аялдарды аёо керектигин түшүнгөнүн айтты.
"Мен өзүм бойдокмун. Бирок көз алдыма алган жубайыма карата жаман мамиле жасап жатканымды элестетип көрдүм. Бул менин өзүмө деле жагымсыз чынында. Мага аялга жумшак болсоң, башка чыгып алат дегендер болду. Ошентсе да бул тема учурда актуалдуу экенин түшүндүм", - деди Мамыров.
Обончу, аткаруучу алдыда шаңдуу ырларды жаздырууну да көздөп жатканын, андан кийин коомдогу көңүл буруу керек болуп жаткан "Карылар үйү" деп аталган ыр менен чыгарына токтолду.