"Дүйнө сулуусу-2019" сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан ким барары белгилүү болду

Быйыл "Дүйнө сулуусу-2019" сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан ким барары аныкталды. Ал 2012-жылы өткөн сулуулар сынагында IV Вице-сулуу жана 2016-жылы II Вице-сулуу наамынын ээси Екатерина Заболотнова. Мындай маалыматты "Кыргызстан сулуусу" улуттук дирекциясынан билдирди.

"Дүйнө сулуусу" сынагынын Кыргыз өлкөсүндөгү расмий өкүлчүлүгү "Кыргызстан сулуусу" дирекциясы менен биргеликте Екатерина Заболотнованы тандаган. "Дүйнө сулуусу-2019" сынагында катышуучулардын кайрымдуулук долбоорлору негизги баскыч болуп эсептелет. Екатерина Заболотнова балдар үйүндөгүлөргө жардам аталышындагы теманы тандаган.

Кыргыз өлкөсү акыркы 2 жылдан бери "Дүйнө сулуусу" сынагына катышкан эмес.

Жыл сайын өтүүчү "Дүйнө сулуусу-2019" сулуулар сынагы 14-декабрда Улуу Британиянын Лондон шаарында өтөт. Ага жалпысынан 120 өлкөнүн сулуулары катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Saiit
2019-11-26 09:06:38
Албастыга окшошко, эрте менен чочуп кетим коруп!!
+2
Adilet88
2019-11-26 10:23:12
Албарсты колдун беле
+2
Adilet88
2019-11-26 10:23:37
Кордун
+1
Nevestkaa
2019-11-26 10:51:20
Оруска окшобойт го шото.
+5
sherzatik
2019-11-26 21:22:42
Мындай кыздар миңдеп саналат. Түшүнүксүз кыргыз же орус же ким экени? Кечиргиле өтпөйт бул кыз. Элестетип жатам Дүйнө сулуусун.кечиргиле мени)))
+2
Asyl10
2019-11-27 13:20:18
Ким билет эми бешенесине жазылса отуп деле кетет. Озу сулуу болбосо да козу сулуу болсун, козу сулуу болбосо да созу сулуу болсун. Катышпады дегенден коро Кыргызстандан да катышты деген жакшы да. Дуйнодогу алп олколор миллиондорду чапташат сулууларын Дуйно сулуусу-2019 кылабыз деп, биздики алардын алдында кумурскадай олко болсо да алсыз болбой кумурскадай куч менен доолорду чапса кана эле. Жакшылыктан умут узбоо керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан